Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык-процесстик кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору мекемелик жана мамлекеттик архивдерге сакталуу үчүн келип түшкөн документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайра пайдаланууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев баардык архивдик материалдарды санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. 

“Бардык архивдик материалдарды санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы. Бул маселе боюнча иш алып барыш керек”,-деди депутат.

Источник: https://govori.tv/bekeshev-arhivdik-materialdardy-sanaripteshtir-zaryl/